• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн район башчылары жолукту

Аймак 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховаддин Баходурзода жетектеген тийиштүү делегациялардын жолугушуусу болду.

Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдиргендей, тараптардын жолугушуусу Баткендин Орто-Боз жана Тажикстандын Хочаи-Аъло айылдары чектешкен жерде өткөн.

Жолугушууда чек ара, укуктук тартип, сугат суу, жаз алды менен арыктарды тазалоо иштерин макулдашуу менен жүргүзүү, суу талаш көйгөйү жаралбашы үчүн алдын ала макулдашуулар зарылдыгы белгиленда.

Ошондой эле макулдашылбаган аймактарда эки тараптуу курулуш иштерин, түрдүү аракеттерди болтурбоо жана алдын алуу, ирригациялык, чарбалык жана күндөлүк жашоодо болуп жаткан маселелер туурасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Андан тышкары, эки тараптуу делегация чагымчылдык аракеттердин алдын алуу үчүн чараларды көрүү боюнча макулдашышты.

"Жолугушууда эки элди түрдүү чагымчыл акырыктарга алдырбоо маселелери каралып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен чек аралаш аймактарда эки тараптуу туруктуулукту сактоо жактары сүйлөшүлдү", - деп кошумчалашты райондук администрациядан.

Учурда Баткен районунун чек ара аймагында коомдук саясий абал тынч.

Пикир

Оставить комментарий