• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте сырткы жарыктандыруу жаңыртылууда

Коом 0

Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы шаардын бардык райондорунда сырткы жарыктандырууну жаңылоодо. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери 40,856 чакырым өзүн-өзү алып жүрүүчү изоляцияланган зым (СИП) төшөлүп, 2223 светодиоддук жарык орнотулду, анын ичинде 1483 шаардын 200 көчөсүндө жарык орнотулган, 415 авариялык кырдаал жоюлуп, 567 чырак жаңыларына алмаштырылды. 11 жаңы конушта 39 көчөгө жарык берилип, 740 светодиоддук жарык орнотулду.

Ошондой эле шаардын төрт районунда төмөнкү жумуштар жүргүзүлөт:

Октябрь районунда:

Сухэ-Батор көчөсү боюнча түштүккө карай 60 светодиоддук чырак орнотулат. "Көк-Жар", "Кара-Токой", "Тунгуч", "Токолдош" конуштарына жана "Совмин" шаарчасына 850 светодиоддук жарык орнотуу пландаштырылууда.

Биринчи май районунда:

"Балбан-Таймаш " конушуна өзүн-өзү алып жүрүүчү изоляцияланган зымды (СИП) салуу боюнча иштер жүрүп жатат. "Калыс-Ордо", "Мурас-Ордо" конуштарында, "Достук" кичи районунда жана "Газ шаарчасында" 830 жаңы светодиоддук чырактар орнотулат.

Свердлов районунда:

"Ак-Тилек", "Дордой", "Дордой-2", "Кайыңды-Шоро", "Келечек", «Красный-Строитель жаңы конушу», «Красный-Строитель 53 квартал», "Керамика", "Учкун 2", "Эне-Сай", "Курулуш шаарчасы" конуштарынын жана Винсовхоз көчөсүнүн тургундары үчүн 1020 светодиоддук чырактарды орнотуу пландаштырылды.

Ленин районунда:

"Ала-Тоо", "Ак-Өргө", "Ак-Өрдө", "Арча-Бешик", "Ынтымак", "Орок" конуштарында план боюнча 2 миң 435 светодиоддук чырак орнотулат.

Пикир

Оставить комментарий