• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин Байтик Баатыр-Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде "акылдуу" жол чырак орнотулду

Коом 0

Бишкек, 12.01.24. /Кабар/. Бишкектин Байтик Баатыр жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде "акылдуу" жол чырак орнотулду. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирет.

Муниципалитеттен белгилешкендей, "акылдуу" жол чырактардын өзгөчөлүгү - автомобилдердин агымын автоматтык түрдө эсептейт жана жөнгө салат, электр энергиясы өчкөн учурда иштөө мөөнөтү 4-5 саатка чейин жетет, энергиялык натыйжалуулугу жогору (сутканын убактысына жараша жарыктык деңгээлин автоматтык түрдө жөнгө салынат).

Белгилей кетсек, "акылдуу" жол чырактар буга чейин үч көчөдө - Токомбаев, Байтик Баатыр жана Абдрахманов көчөлөрүндө орнотулган.

Биринчи этапта борбор калаанын 21 кесилишине, андан кийин 100 кесилишке датчиктер орнотулат. Жалпысынан системаны шаар боюнча ишке ашыруу пландаштырылууда – 350гө жакын кесилиштер, аларда унаалардын агымын эсептей турган тиешелүү датчиктер орнотулат.

Жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системаларын ("акылдуу" жол чырактар) ишке киргизүү тыгындарды азайтып, жол жүрүү убактысын кыскартып, айдоочуларга жана шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий