• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мамкурулуштун директору ЕТӨ фондунун өкүлдөрү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 08.09.22. /Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетыбаев Евразия туруктуу жана өнүктүрүү фондунун (ЕТӨ) фондунун инвестициялык насыялар боюнча долбоордук тобунун директору Погосян Армен менен жолукту. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу жаатындагы кызматташуу маселелери, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну модернизациялоо механизмдери талкууланды.

Жетыбаев эл аралык финансы институттарынын колдоосу менен жүргүзүлүп жаткан долбоорлордун үстүнөн иштөөгө жергиликтүү адистердин катышуусун жогорулатуу маселесин көтөрдү. Ошол эле учурда бул практиканы киргизүү тажрыйба жана билим менен натыйжалуу алмашууга өбөлгө болоорун белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууну күчөтүүнү жана социалдык объекттерди куруунун потенциалдуу долбоорлорунун варианттарын карап чыгууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий