• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Талас шаарында «Республика - Ата Журт» фракциясынын коомдук кабылдамасы ачылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.03.18 /Кабар/. 3- мартта «Республика - Ата Журт» парламенттик фракциясынын Талас шаарындагы коомдук кабылдамасынын ачылышы болду. Бул тууралуу «Республика – Ата-Журт» фракциясынын катчылыгы билдирди.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев, «Республика - Ата Журт» фракциясынын Талас шаардык кеңешинин депуттары жана шаардын тургундары катышты.

Өз сөзүндө депутат Кенжебек Бокоев коомдук кабылдаманын максаттары жана алдыга коюлган иш-пландарына токтолду. Ошондой эле «Республика - Ата Журт» фракциясынын Жогорку Кеңештеги ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат берди.

Ал эми Талас шаарынын тургундары жолдорду оңдоо, таштанды урналардын жетишсиздиги жана шаардык базардагы соода түйүнүн ээлери жана муниципалитет менен менчик укугу сыяктуу шаардагы көйгөйлүү делген маселелерди тизмектешти. Алардын чечилишине Жогорку Кеңештин депутаттарынын көмөктөшүүсүн суранышты.

Айрым маселелер боюнча Талас шаардык кеңештин депутаттары мэрия тарабынан жакынкы аралыкта көрүлө турган чаралар тууралуу маалымат беришти. Дагы бир катар маселелер боюнча муниципалитет менен бирдикте талкуулап, жыйынтыгында кабыл алынган чечимдер тууралуу кошумча маалымат бермей болушту.

Пикир

Оставить комментарий