• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Таласта Айсулуу, Акжол, Мээрим баштаган бир катар спортчуларга акчалай сыйлык тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 27-октябрда президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбековдун чакыруусу менен Токио Олимпиадасында жана Нарвегиянын Осло шаарында өткөн дүйнө биринчилигинде жеңишке жетишкен спортчулар Талас облусуна барышты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, спортчуларды жана алардын ата-энелерин, машыктыруучуларын “Манас Ордо” улуттук комплексинен облус башчысы Бакытбек Нарбеков тосуп алды. Коноктор Манастын күмбөзүнө зыярат кылган соң, Талас шаарынын борбордук аянтында уюштурулган салтанаттуу иш-чарага келишти. Салтанаттуу иш чаранын жалпы катышуучуларына “Семетейдин Таласка келиши” аталышындагы театралдык оюн тартууланды.

Нарбеков Мээрим Жуманазарова, Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Айпери Медет кызы, Жоламан Шаршенбековго ар бирине 70 миң сомдон акчалай сыйлыкты тапшырып, кыргыздын каада салтына ылайык, чепкен жаап, тебетей кийгизди. Ал эми эмгек сиңирген машыктыруучулар Хаким Махмудов, Нурбек Изабеков, Мейрембек Ахмедов, Чынарбек Изабековго 50 миң сомдон берилди.

Ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча эмгек сиңирген машыктыруучулар Азат Эркинбаев, Улук Карачолоковго жана спортчулар Атабек Азибеков жана Үзүр Жусубековго 30 миң сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылып, сый-сыпат көрсөтүлдү.

Ал эми спортчулардын ата-энелерине 15 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылып, баалуу белектер берилди.

Иш-чара республикалык жана жергиликтүү маданият кызматкерлеринин концерттик программасы менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий