• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таласта Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Аймак 0

Бишкек, 28.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 28-июнда Талас облусунда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын жаңы имаратын ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине министр Улан Ниязбеков, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Нарбеков, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Маэдо Сигеки, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча программалык кеңсесинин башчысы Андрей Селезнев, ошондой эле күч түзүмдөрүнүн жана ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын облустук бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Имарат Япония өкмөтүнүн колдоосу менен БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын "Кыргызстанда баңгизаттарды көзөмөлдөөгө колдоо көрсөтүү" долбоорунун алкагында курулган.

Министр өз сөзүндө, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы туруу мамлекеттин ишмердигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын, анын ичинде КРны өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки Улуттук программасында бекитилгендигин белгиледи.

Жыйынтыгында Ниязбеков имараттын курулушуна, ошондой эле бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун жыргалчылыгы үчүн баңгизаттарга каршы күрөшкө кошкон салымы үчүн өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди

Пикир

Оставить комментарий