• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таласта Ө.Бабановдун штабынын алдында анын тарапташтары топтолду – ИИМ

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.10.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Таласта Ө.Бабановдун штабынын алдында анын тарапташтары топтолду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, талапкердин тарапташтары штабдагылар менен жолугушуу ниетинде, бирок имараттын ичинде эч ким жок.

“Чогулгандар тарабынан эч кандай укук бузуулар болгон жок. Ошондой эле эч кандай чагымчылык жок. Жеринде Талас облустук ИИБ кызматкерлери бар”, - деп түшүндүрүштү укук коргоо органынан.

Белгилей кетсек, интернетте Таласта ондогон адамдар Кыргызстандын желегин көтөрүп, Бабанов деп кыйкырып көчөгө чыкканы тууралуу видео тараган.

Пикир

Оставить комментарий