• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таласта Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган кино жумалык өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 28.11.23. /Кабар/. Таласта Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган кино жумалык өтүүдө.

Талас шаардык мэриясынан билдиришкендей, жумалыктын алкагында Талас облусунун аймагында улуу жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылган кино тасмалар көрсөтүлүүдө.

Атап айтканда, бүгүн, 28-ноябрда Талас шаарынын тургундары, окуучулар жана студенттер үчүн "Кырк Чоро" кинотеатрында улуу жазуучунун “Кызыл Алма” тасмасы көрсөтүлдү. Алгач көрүүчүлөр үчүн Чыңгыз Айтматовдун өмүр баянына арналган кыска метраждуу ролик коюлду.

Белгилей кетсек, кыргыз киносу менен Айтматовду бөлүп кароо мүмкүн эмес. Анткени, жазуучунун бир топ чыгармалары кыргыз киносунун классикасынын сап башында турат. Алардын катарына "Биринчи мугалим", "Кызыл алма", "Ак кеме", "Аптап", "Жамийла", "Мен Тянь-Шань", "Саманчынын жолу" кирет.

Пикир

Оставить комментарий