• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Таласта куткаруучулар сууга чөгүп кетиши мүмкүн делген 2 жашар баланы издөөдө

Кырсык 0

Бишкек, 14.04.21. /Кабар/. Таласта куткаруучулар сууга чөгүп кетиши мүмкүн делген 2 жашар баланы издөөдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-апрелде саат 17:00дөр чамасында Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылында 2 жаштагы бала дайынсыз жоголгон. Бала сууга чөгүп кетиши мүмкүн.

13-апрель күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн 41 куткаруучу, 4 милиция кызматкери, жергилүктүү тургундардан 40 адам тартылган. Натыйжа болбогондуктан саат 20:50дө издөө иштеринде убактылуу токтотулган.

14-апрель күнү издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий