• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таласта Sprinter бакты сүзүп, бирөө каза болуп, беш киши жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. Таластын Кара-Буура районунда Mercedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, бакты сүзгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен 33 жаштагы А.К., аттуу эркек каза болуп, 28 жаштагы Б. уулу А., 46 жаштагы К.Т., 28 жаштагы Б.уулу.Ш., 21 жаштагы О.И., 33 жаштагы Н.М., аттуу беш эркек киши ар кандай жаракаттарды алышкан.

Жерине төрт куткаруучу тартылып, эки жабыркаган жаранды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий