• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таласта комузчу, акын, обончу Шекербек Шеркуловдун 120 жылдык мааракеси белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 14.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 14-декабрда Талас шаарында залкар комузчу, акын жана обончу Шекербек Шеркуловдун 120 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу маданий иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чаранын алкагында Шекербек Шеркуловдун өмүрүн жана чыгармачылыгын чагылдырган сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, видео тасма көрсөтүлдү.

Андан соң, Шекербек Шеркуловдун 120 жылдык мааракесинин алкагында 12 жаштан 18 жашка чейинки комузчулардын ортосундагы таймаштын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө жана Шекербек Шеркуловдун чыгармаларын чеберчиликте аткарган жеке авторлорго атайын дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ошондой эле Шекербек Шеркуловдун 120 жылдык мааракесине арналган иш-чарага активдүү катышкан мекемелерге, коомдук уюмдарга, жеке ишкерлерге, жеке инсандарга Ыраазычылык каттар тапшырылды.

Соңунда Шекербек Шеркуловдун 120 жылдык мааракесине арналган конкурстун жеңүүчүлөрүнүн катышуусунда концерттик программа тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий