• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таласта жол кырсыгы катталып, бир адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. Таласта жол кырсыгы катталып, бир адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Тала облусунун Бакай-Ата районунда Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 80-чакырымында (Миң-Булак айылы) Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай унаа жолдон чыгып, арыкка түшүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу 1986-жылы туулган М.Э. аттуу эркек жабыркаган.

Куткаруучулар жеткенге чейин тез жардам кызматкерлери жабыркаган жаранды ооруканага алып кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий