• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 06.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 6-майда саат 11:58дер чамасында Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды, деп билдирет Өзгөчөкырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун алдын ала маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында катталган.

Жер титирөө Лейлек районунун Булак-Башы айылынан түштүк-чыгышка карай 7 км, түндүк-чыгышка карай 8 км, Кольцо айылы жана Сүлүктү шаарынан түндүк-чыгышка карай 10 км, Бешкент айылынан түштүк-батышка карай 15 км, Карл Маркс айылынан батышка карай 17 км, Исфана шаарынан түндүк-чыгышка карай 20 км жана Баткен шаарынын батышка карай 100 км аралыкта катталган.

Ал эми калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү Булак-Башы, Кольцо айылдарында 3,5 балл, Сүлүктү шаарында, Бешкент жана Карл Маркс айылында 3 балл, Раззаков шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Пикир

Оставить комментарий