• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Таластын жетекчиси жарандардын кайдыгер мамилесинен коронавирус жуктурган учур катталганын айтты

COVID - 19 0

Бишкек, 11.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Талас облусунда коронавирус жуктурган 3 учур катталды. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, облус аймагына 85 күн илдетти киргизбей, иш-аракеттер жүргүзүлүп келген.

"Талас облусунда илдет жуктурган жарандар жок болгон учурда таластыктарга илдет жукпайт деп кайдыгер мамилелер башталып кеткен. Бирок учурда дезинфекциялык иштерди айыл, райондордо жүргүзүп жатабыз. Кооптуу болгон Талас шаарынын кире беришиндеги Талды-Булак постунда дезинфекциялык туннель койдук. Ошондой эле Талас облусуна кирип-чыккан жерге, "Чоң-Капка" өткөрмө бекетине да дезинфекциялык туннель орноттук", - дейт ал.

Мураталиев илдеттин тарап кетпеши үчүн күнү-түнү иштер жүргүзүлүп жатканын айтат.

Белгилей кетсек, 11-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2129 учур катталды. Алардын ичинен 419у медицина кызматкери. Илдеттен 1630 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 26 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий