• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тармактык комитет билим берүү уюмдарынын жаңы окуу жылына карата даярдыгын карады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.09.18. /Кабар/. Жалпы республика боюнча 1248 мамлекеттик жана муниципиалдык, андан тышкары 142 жеке менчик бала бакча иштейт. 2018 –жылдагы мындай мектепке чейинки билим берүү көрсөткүчү өткөн 2017 – жылдагыга салыштырганда 1,9 %га көбөйгөн. Бул тууралуу кечээ, 17-сентябрда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин жыйынында айтылды. Анткени, тармактык комитет республикадагы билим берүү уюмдарынын жаңы 2018-2019-окуу жылына карата даярдыгынын абалы боюнча маалыматты угуп, жактырды.

Мектептердин алдында да атайын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 100ү алыскы райондордо ачылып, 7358 баланы тарбиялаган. Үч сааттан иштеген 120 балдар бакчалары да уюштурулуп, 10 000дей балага таалим берген. Бакчага баруучу балдардын электрондук кезекке туруу тартиби да жолго коюлуп, бардык иш ачык – айкын жүргүзүлө баштады.

Республикадагы билим берүү уюмдарынын жаңы 2018-2019-окуу жылына карата даярдыгынын абалы боюнча маалыматта мектептердеги, инклюзивдик билим берүү мекемелериндеги окутуу иштериндеги жаңычылдыктар менен катар ремонт иштеринин абалы тууралуу бир нече көрсөткүчтөр камтылган.

Пикир

Оставить комментарий