• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тарых музейин жана ат майданын оңдоп-түзөө иши: Музейдин кызматкерлерин эч ким уккан эмес - күбө

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.11.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын реконструкциялоо иши боюнча кезектеги соттук отурум өтүүдө.

Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Күбөлөрдөн сурак алуу уланууда. Учурда Тарых музейинин кызматкери Нурхат Иманкулова сурак берүүдө.

Анын айтуусу боюнча, кызматкерлердин пикири “четке жылдырылып”, аларды эч ким уккан эмес.

“Биз андай болбойт деп айтып келгенбиз. Төртүнчү кабаттагы кафетерий тууралуу да айтканбыз. Мен гана эмес, көптөр кафетерийди экспозициянын жанына ачууга болбойт, жыты сиңип калаарын айтканбыз. Бизди эч ким уккан жок”, - дейт ал.

Ал белгилегендей, музейди ондоп-түзөө иштери президенттин ант берүү аземине чейин бүтүшү керектиги айтылып, президенттин аппаратынан тапшырма берилген.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн. сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн. сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн. сом.

Пикир

Оставить комментарий