• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ташкент Эл аралык XV кинофестивалы креативдүү кино платформаны жаратты – Раев

Маданият 0

Ташкент, 04.10.23. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Ташкент Эл аралык XV кинофестивалы креативдүү кино платформаны жаратты, деди ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев Самаркандда өткөн фестивалдын жабылыш аземинде.

Анын айтымында, атагы дүйнөгө таанымал Ташкент кинофестивалы акыркы бир нече жылдан бери өткөрүлбөй келген жана быйыл ТҮРКСОЙ эл аралык уюму фестивалды өткөрүүгө чоң колдоо көрсөттү.

"Фестивалда түрк дүйнөсүнүн киноөнөрүнө атайын бир күндүк программа арналды. Программанын алкагында өз ара кызматташтык, биргелешип кино тартуу, бирдиктүү прокат, дубляж, жаш киночулардын ишин жандандыруу, адисттерди даярдоо, ошондой эле Түрк дүйнө киночулар ассоциациясын түзүү сыяктуу орчундуу көйгөйлөр козголуп, киносериалдарды биргелешип тартуу демилгеленди", - деген Раев фестиваль жогорку деңгээлде өткөнүн белгиледи.

Белгиленгендей, фестивалда дүйнөлүк кино корифейлери менен жаштардын жолугушуулары жогорку деңгээлде уюштурулуп, 100дөн ашуун фильмдер эл назарына коюлду. Азыркы кино корифейлери Азербайжандан - Элчин Гулиев, Казакстандан - Тунгучбай Жаманкулов, Кыргызстандан - Артык Сүйүндүков, Түркмөнстандан - Мая Мамедова, Түркиядан - Семих Капланолу, Өзбекстандан - Гүлчехра Камиловага ТҮРКСОЙдун эң жогорку сыйлыгы - Алтын медаль ыйгарылды.

Ошондой эле кыргыз улуттук киносунун мыктылары Актан Арым Кубат, Таалайкан Абазова, Айбек Дайырбеков фестивалдын баш байгесине татыды. Ошондой эле кинофестивалдын алкагында "Кыргызсериал" кинобирикмесинин тушоосу кесилип, "Жалбыз" көп сериялуу тасмасынын бет ачары өттү.

Эскерте кетсек, 29-сентябрдан 2-октябрга чейин “Жибек жолунун бермети” XV Ташкент эл аралык кинофестивалы өттү. Ага 52 өлкөдөн, анын ичинде Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстандан 300дөн ашуун режиссер катышты.

Пикир

Оставить комментарий