• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ташкентте алгачкы электробус жүрө баштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.09.19. /Кабар/. Сентябрдын башында Ташкентке алып келинген электробус 7-сентябрда биринчи жолу шаар көчөлөрүнө чыкты.

"Тошшахартраншизмат" маалымдагандай, электробустун алгачкы жүргүнчүлөрү аталган компаниянын жетекчилери жана журналисттер болду.

Vitovt Electro E420 суперконденсаторлор базасында электр кубатынын запасын сактоо системасы менен жабдылган. 21-25 чакырымга чейин электр энергиясы менен жүрөт, 6-8 мүнөт ичинде дүрмөттөлөт. Электробуска орточо 90 жүргүнчү батат.

Vitovt Electro E420 автобусу белорусиялык “Белкоммунмаш” компаниясы тарабынан чыгарылган.

Электробус Ташкентке сыноо иретинде алынып келген.

Пикир

Оставить комментарий