• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ташкентте кыргыз-пакистан кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Ташкент, 1-март /Кабар/. Ташкентте Кыргызстандын элчиси Данияр Сыдыков жана Пакистандын элчиси Риаз Хусаин Бухари кыргыз-пакистан кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу КРнын Өзбекстандагы элчилиги билдирди.

Эки өлкөнүн Ташкент шаарындагы элчиликтеринин ортосундагы өз ара аракеттердин келечеги көңүл борборунда болду, андан тышкары тараптар бүгүн Исламабадда өтүп жаткан Экономикалык кызматташтык уюмунун саммити боюнча пикир алмашышты.

ЭКУ-2017 саммитинин жүрүшүндө жаңы глобалдуу жана аймактык шарттарды уюштуруу иштеринин жоболорун кароо күтүлүүдө. ЭКУнун аймактык мамлекеттер аралык экономикалык уюму 1985-жылы Борбордук Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү тарабынан түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий