• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ташкентте кыргыз-өзбек диний мамилелер боюнча кызматташуулары талкууланды

Саясат 0

Ташкент, 29-июнь /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков шаршембиде Өзбекстандын министрлер кабинетине караштуу Дин иштери боюнча комитетинин төрагасы менен жолукту. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин кабарчысына өзбек Дин иштери боюнча комитетинин маалыматтык кызматы билдирди.

Сыдыков жана Юсупов Кыргызстан менен Өзбекстандын Дин иштери боюнча комитеттеринин арасында эки жактуу кызматташууларды кеңейтүүнү талкуулашты.

Эки өлкөнүн дин ишмерлеринин жана ислам окуу жайларынын ортосунда түз байланыштарды түзүүгө, бул тармакта жаш адистерди даярдоо боюнча тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар бул чаралар эки мамлекеттин достук байланыштарын бекемдөөгө, коопсуздукту камсыздоого, улуттар аралык ынтымакка шарт түзөөрүнө ишеним билдиришти.

Юсупов кыргыз тарапты Ташкентте жыл сайын өтүүчү “Эл аралык толенранттуулук күнүнө” арналган конференцияга катышты. Элчи Кыргызстандын өкүлдөрүнүн Өзбекстанда өткөрүлгөн эл аралык иш чараларга катышууга даярдыгын билдирди.

Жолугушуу достук маанайда өткөнү билдирүүдө айтылат.

Пикир

Оставить комментарий