• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ташкентте салык кызматкерлери жапырт жумуштан бошотулду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 16.04.19 /Кабар/. Ташкент шаарындагы Шайхантахур райондук салык инспекциясынын жаңы жетекчиси 128 кызматкер менен эмгек келишимин токтотту. Буйрук журналисттердин колуна тийди.

Шайхантахур салык кызматынын атын атагысы келбеген мурдагы кызматкерлеринин айтымында, жетекчилик аларды арыз жазууга мажбурлаган, алар эч кандай компенсация алышкан эмес.

Буга чейин Мамлекеттик салык комитети аталган райондун кызматкерлеринин жапырт жумуштан бошотулушу тууралуу маалыматты четке каккан.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев апрелдин башында видеоселектордук жыйын өткөрүп, бюджетке төлөмдөр аз түшүп жатканы үчүн шаардык салык мекемелеринин жетекчилерин сынга алган.

Мындан кийин мамлекеттик салык комитетинин төрагасынын орун басары Олимжон Файзибаев кызматкерлер менен жолушушуп, алар жумуштан бошотуларын жарыялаган. Райондук инспекциянын 133 кызматкеринин 128и бир эле буйруктун негизинде иштен айдалганы кабарланган.

6-апрелде Мамлекеттик салык комитети бул маалыматты төгүндөп, Шайхантахур районунун салык инспекциясынын башчысы гана жумуштан кеткенин маалымдаган.

Пикир

Оставить комментарий