• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ташкентте ТМУ өлкөлөрүнүн мусулман диний башкармалык башчыларынын кеңешинин жыйыны өттү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 27.11.23. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Ташкентте Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн Мусулман дин башкармалыктарынын башчыларынын кеңешинин төртүнчү жыйыны өттү, деп билдирди “Кабар” агенттигинин кабарчысы.

Кыргызстандык делегацияны Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Уламалар кеңешинин төрагасы Абдиманап Масалиев жетектеп келди.

ТМУ баш катчысы Кубанычбек Өмүралиев өз сөзүндө ТМУга мүчө өлкөлөрдүн жыйын түрк дүйнөсүнүн диний башкармалыктарынын ортосундагы байланышты чыңдоодо маанилүү роль ойноорун белгиледи.

"Анын негизги милдети – глобалдык көйгөйлөрдү биргелешип чечүү жана ислам дининин тазалыгын сактоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү бириктирүү", - деди ал.

Конференцияда түрк тилдүү мамлекеттердин көп тараптуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү, диний башкармалыктардын алакасын чыңдоо, ошондой эле көп кылымдык улуттук жана диний каада-салттарды кеңири жайылтуу, билим берүү аркылуу наадандык менен күрөшүү маселелери талкууланды.

Дин башкармалыктарынын башчылары заманбап фатваларды биргелешип иштеп чыгуу, алардын аткарылышы жана бүгүнкү күндө мусулман үммөтүнүн маанилүү маселелери боюнча пикир алмашышты.

Кыргызстан мусурмандарынын Уламалар кеңешинин төрагасы Абдуманап Масалиев белгилегендей, мындай чогулуштарды колдоо зарыл.

"Айрыкча биздин уламаларыз фатваларында бирге болууга, айрыкча Орозо Айты, Курман Айты кундөрүндө бирге болууга, жалпы мусурмандарды ынтымакка чакырат, биз дайыма ынтымакта болобуз”, - деп белгиледи ал.

Ошондой эле бул иш-чара алкагында Түрк мамлекеттеринин Уламаларынын биринчи форуму да өттү.

Иш-чарага ТМУ баш катчысы Кубанычбек Өмүралиев, Казакстан, Кыргызстан, Кавказ, Түркмөнстан, Түркия мусулмандар башкармалыгынын делегациялары, ошондой эле түрк мамлекеттеринин уламалары жана диний чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.

Эске сала кетсек, 2022-жылдын 15-апрелинде Түркияда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Мусулман дин башкармалыктарынын башчыларынын кеңешинин биринчи жыйыны өткөн.

Пикир

Оставить комментарий