• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк старт алды

Аймак 0

Бишкек, 27.11.23./Кабар/. Ош шаарында «Сен жалгыз эмессиң» деген аталышта гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк старт алды.

Бүткүл дүйнөлүк гендердик зомбулукка каршы уюштурулган иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, Ош шаарындагы тиешелүү мекеме-ишканалардын жана уюмдардын өкүлдөрү, шаар тургундары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө тиешелүү тармактардын өкүлдөрү тарабынан аялдарга карата басмырлоонун жана зомбулуктун бардык түрлөрүн токтотууга багытталган жамааттык аракеттер боюнча маалыматтар берилип, социалдык ченемдердин өзгөрүшү, гендердик зомбулукка туш болгондордун көйгөйлөрүн чечүү боюнча маселелер талкууланды.

Ошондой эле бул багыттагы иш-аракеттерди активдүү жүргүзгөн мекеме-уюмдардын кызматкерлерине Ош шаарынын мэриясынын ыраазычылык баракчалары жана сертификаттар тапшырылды. Мындан сырткары, кыска метраждуу тасма көрсөтүлүп, флешмоб уюштурулду.

Коомдун зомбулуктарга каршы аракетин жогорулатуу, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чаралар аркылуу маалымдуулугун жогорулатуу, көйгөйгө көңүлүн буруу максатында өткөрүлүп жаткан кампаниянын алкагында жаштар, студенттер, спортчулар арасында аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту жоюуга багытталган маданий иш-чаралар өткөрүү каралган.

Бул өнөктүк жыл сайын 25-ноябрда Аялдарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюунун Эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрь Адам укуктарынын Эл аралык күнүнө чейин улантылат.

Өнөктүк 1991-жылы биринчи Аялдардын глобалдык лидерлик институтунун активисттери тарабынан негизделип, жыл сайын Аялдардын глобалдык лидерлиги борбору тарабынан координацияланып келет.

Пикир

Оставить комментарий