• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенге дагы 23 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү

Аймак 0


Бишкек, 18.09.22. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан Баткен облусуна 23 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү.

Гуманитардык жүк 23 тонна азык-түлүктөн (май, кант, чай, макарон, ун, күрүч, жаш балдарга жалаякшым) турат.

"Ошондой эле министрликтин кызматкерлери бир күндүк эмгек акыларын Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркаган Баткен облусунун тургундарына которот. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жамааты чек ара жаңжалында набыт кеткендердин жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий