• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенге жардам чогулткан ыктыярчылар үчүн атайын транспорт уюштурулду — мэрия

Коом 0

Бишкек, 18.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги “Баткенге жардам” республикалык штабынын ыктыярчылары үчүн атайын транспорт уюштурулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз катчысы Назгүл Жамгырчиева билдирди.

Анын айтымында, аталган штаб күнү-түнү иштөөдө.

“Түнкү саат 2-3төрдө үйгө кеткен ыктыярчылар үчүн атайын транспорт уюштуруп бердик”, - дейт ал.

Жамгырчиева кошумчалагандай, штаб иштеп баштаганда, 16-сентябрда 60 тонна гуманитардык жардам Бишкектен Кадамжайга жөнөтүлгөн.

“Ошондой эле Баткенден келген жарандарды мейманканаларга жайгаштыруу иштери жүрүүдө: Свердлов районундагы “Достук” мейманканасына 13, Биринчи май районуна жети, Октябрь районуна 11 адам келген. 30га чукул баткендиктер Бишкектеги убактылуу жайга киргизилди. “Бишкек жашыл чарба” ишканасы тарабынан мейманкана уюштурулуп, анда 11 адам жайгаштырылды”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий