• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекте көрктөндүрүү эрежесин бузгандарга 438 миң сом айып салынды

Коом 0

Бишкек, 02.06.23. /Кабар/. Бишкекте бир жуманын ичинде көрктөндүрүү эрежесин бузуу боюнча 48 факты аныкталып, жалпы суммасы 438 миң сомго айыппул салынды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, тазалык жана тартипти төмөнкү курулуш объектери жана ишканалар бузган:

- "Роял Констракшн" ЖЧКсы 114-берене боюнча;

- "Кыргыз каганаттары" ЖЧКсы 115-берененин 2-бөлүгү;
- "Экополис" ЖЧКсы 114-берене боюнча;
- "Озтопарк" ЖЧКсы 115-берененин 2-бөлүгү;
- "Умай Групп" ЖЧКсы 114-берене боюнча;
- "Бай Таш Групп" ЖЧКсы 114-берене боюнча;
- "Бета Иншаат Ятырымжылык" ЖАК 114-берене боюнча;
- "Эстет Кредит" ОСДО күрөканасы 114-берене боюнча;
- "Бишкек шаарындагы гүл өстүрүүчү ышкыбоздор клубу" КЭУ 114-берене боюнча;
- "Кудрет көз" ЖЧКсы 114-берене боюнча;
- "Хоспер" ЖЧКсы 179-статьянын 2-бөлүгү;
- "Восток Строй" ЖЧКсы 179-берененин 2-бөлүгү;
- "Алинур Групп" ЖЧКсы - 114-берене боюнча;
- "Intellect Pro School" ЖЧКсы - 107-берененин 3-бөлүгү;
- "Кап Строй" ЖЧКсы - 114-берене боюнча.

"Белгиленген фактыларга карабастан, алардын айрымдары күнөөсүн мойнуна алышкан жок. Алардын иши акыркы өкүм чыгаруу үчүн мыйзам бузуулар боюнча административдик комиссияга жөнөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Мэриянын көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы мыйзам бузуулар аныкталса, экинчи тарап күнөөсүн мойнуна алганына же албагандыгына карабай жеринде протоколдор түзүлөрүн эскертет.

Пикир

Оставить комментарий