• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде жарадар болгондордун дээрлик бардыгына операция жасалды — Садыков

Ден соолук 0

Бишкек, 18.09.22. /Кабар/. Баткенде жарадар болгондордун дээрлик бардыгы медициналык мекемелерге оор абалда түшкөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында салматтык сактоо министринин орун басары Улан Садыков билдирди.

“Ыкчам маалыматтарга таянсак, акыркы 3 суткада 139 адам ооруканага түшкөн. Дээрлик бардыгына операция жасалды. Операциялар татаал болгон, аларга Бишкек, Ош жана Жалал-Абад облустарынан дарыгерлер тартылган. Алар абдан чоң жардам көрсөттү”, – деди министрдин орун басары.

Эскерте кетсек, Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, Тажикстандын агрессиясынын кесепетинен 134 кыргызстандык жабыркап, 36 адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий