• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ башчысы: Айрым райондордо кардын калыңдыгы 2 метрге чейин жетти

Коом 0

Бишкек, 16-февраль /Кабар/. Кыргызстанда кар жаңы жааган күндөрү анын калыңдыгы 2 метрге чейин жетип жатты. Бул тууралуу парламенттин жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, аба ырайынын тез-тез алмашып туруусунун натыйжасында жана республикада 11-февралдан 15-февралга чейин тынбай жааган карга байланыштуу өлкөнүн бир катар райондорунда абал катаалданды. Чоң-Алай жана Чаткал райондорунда өзгөчө кырдаал катталды. “Бирок, бүгүнкү күнгө карата Казарман – Жалал-Абад унаа жолунан башка бардык жолдор ачык”,-деди министр.

Ошондой эле, К.Боронов республика боюнча кардын калыңдыгы орто эсеп менен 70 смн ы түзөт деп белгиледи. Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымынын түндүк бөлүгүндө кардын калыңдыгы 40-70 см, ал эми түштүк тарабында 70-170 смны түзөрүн айтты. Ушул эле трассанын 260-чакырымында жааган кардын калыңдыгы 60-125 см, Өтмөк ашуусунда – 45-85 см ны түздү. Ош облусу боюнча Кара-Кулжа – Алай-Куу унаа жолунун 145-153-чакырымдарында кардын бийиктиги – 40-70 см, Ысык-Көл облусу боюнча Каракол – Эңилчек унаа жолундагы кардын калыңдыгы 50-110 см ны түзөт.

Пикир

Оставить комментарий