• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Кулжа районунда мугалимдер үчүн “Бирге окуйбуз” аттуу тажрыйба алмашуу семинары болду

Коом 0

Бишкек, 16-февраль /Кабар/. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Жаңы-Талаа айылынын А.Мырзаибраимов атындагы мектебинде 6 айыл өкмөтүнүн мугалимдери үчүн “Бирге окуйбуз” аттуу тажрыйба алмашуу семинары болду. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мектеп окуучулары менен бирге адабият жана мекен таануу боюнча ачык сабактар болду.

Семинардын максаты – алдыңкы мугалимдердин баалуу тажрыйбалары менен бөлүшүү болуп саналат.

Мындай семинарларды жакынкы күндөрү башка айыл өкмөттөрүндө да өткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий