• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 4352ге жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.06.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 4 миң 352 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 171 учур катталган. Ал эми 86 бейтап илдеттен айыгып, реабилитациялык борборго жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда карантин 15-июнга чейин узартылган. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган.

8-июндан тарта “сары” жана “жашыл” аймактарда карантиндик коопсуздук чараларын сактоо талаптары менен шаардык жана шаар четиндеги маршруттардагы коомдук транспорт иштей баштайт, метродон тышкары. Ошондой эле 8-июндан тарта диний мекемелер өз ишин жандантат.

Пикир

Оставить комментарий