• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Таштандыга чок, күл салба жана өрттөбө! Жалал-Абад мэриясы айып салынарын эскертет

Аймак 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. Таштандыларды жана бак-дарактардын жалбырагын, коомдук тамактануучу, шишкебек бышырган жайлардан чыккан чокту толугу менен өчүрүп, муздатып таштоо зарыл. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, таштандыларды жана бак-дарактардын жалбырагын өрттөө экологияга зыян алып келип, уулуу заттардын бөлүнүп чыгышын шарттайт.

Жалал-Абад мэриясы эскертүүгө карабай өрттөгөндөргө атайын бузуулар кодексинин 71-беренесине ылайык 7500 сомдон 23 миң сомго чейин айыппул салынарын билдирет.

Пикир

Оставить комментарий