• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Тазалык" күчөтүлгөн жана күнү-түнү иштөө режимине өттү – мэрия

Коом 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Бишкекте «Тазалык» муниципалдык ишканасы күчөтүлгөн жана күнү-түнү иштөө режимине өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чечим өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүп, аба табынын төмөндөшүнө байланыштуу кабыл алынды.

Белгиленгендей, бүгүн саат 11:00дөн тарта ишкананын кызматкерлери жолдорго туз себүүнү башташты. Жолдорду тазалоо жана туз себүү үчүн 44 атайын техника даяр. Ишкананын базасында 584 тонна техникалык туз бар.

Ошондой эле зарыл болгон учурда, аялдама комплекстеринин жанында техникалык туз салынган атайын челектер каралган.

"Бишкек шаарындагы кардан тазалоо иштери боюнча суроолоруңуз же сын-пикириңиз болсо, 1850 жана 1840 телефон номерлерине күнү-түнү чалып, 0554 182 185 (WhatsApp) номерине сүрөттөрдү жөнөтсөңүз болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий