• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажик-өзбек чек арасында дагы беш көзөмөл-өткөрмө бекет иштей баштайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.02.18. /Кабар/. Тажик бийлиги Ташкентке эки өлкө чек арасында дагы 5 көзөмөл-өткөрмө бекеттин ишин калыбына келтирүүнү сунуштады. Бул тууралуу Тажикстандын Бажы кызматынын Согди облустук башкармалынын жетекчиси Бахром Исматуллоев билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери чек арадагы өткөрмө бекеттердин ишин калыбына келтирүү менен атайын комиссия алектенүүдө. Өкмөттөр ортосунда кол коюлган протоколдун негизинде, Тажикстан Канибадамдагы «Равот», Истаравшандагы «Уротеппа», Зафарободдогу «ДЭУ-58» жана «Заамин», ошондой эле Ашт районундагы «Навбунёд» көзөмөл-өткөрмө бекеттерин ачууну сунуштады.

Маалыматка караганда, учурда Бажы кызматынын Согди облустук башкармалыгы өкмөт аралык комиссия менен биргеликте аталган өткөрмө бекеттерде убактылуу вагондорду орнотууда. Кийинчерээк анда бажы, чек ара текшерүүлөрү, ошондой эле ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөр үчүн бардык шарттар түзүлөт.

18-февралда Өзбекстандын Самарканд облусу менен Тажикстандын Согди облусу чектешкен жердеги көзөмөл-өткөрмө бекетинде орнотулган дубал бузулган. Жергиликтүү эл “Ислам Каримовдун” дубалы деп атап койгон коргонду алууга эки өлкөнүн чек арачылары катышкан.

Мурда тажик-өзбек чек арасында 16 көзөмөл-өткөрмө бекети иштесе, алардын тогузу эл аралык макамга ээ болчу.

Пикир

Оставить комментарий