• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстан ИИМи кыйноолордон баш тартууга чакырууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.06.18. /Кабар/. Тажикстан Жарандык коом коалициясы кыйноо курмандыктарынын сүрөт көргөзмөсүн уюштурду. Иш-чаранын максаты – коомдун көңүлүн бул көйгөйгө буруу болуп эсептелет.

Тажикстанда кыйноолор укук коргоо түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүндө негизги көйгөй болуп эсептелет. ИИМ имаратында “Кылмыштын бети ачылбай жатса дагы кыйноолорго барбагыла” деген жазуу илинип турат.

26-июнда өткөн сүрөт көргөзмөгө быйыл укук коргоо кызматкерлери көп келди.

Көргөзмөнүн уюштуруучулар сүрөт көргөзмө жыл сайын жаңы окуялар менен толукталып жатканына тынчсызданышты. Коалиция өкүлү жана адвокат Гүлчехра Холматова беш жыл аралыгында бул сыяктуу көрүнүштөр эки эсеге көбөйгөнүн белгиледи. Ошол эле маалда Кылмыш кодексине “Кыйноолор” деген өзүнчө берененин киргизилишин кубаттады.

Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү болсо бул тажрыйбаны колдонгондорду жазалоо күчөтүлгөнүн айтышууда.

Укук коргоочулар кыйноого баргандарды жоопкерчиликке тартуу чараларын күчөтүү керек деп эсептешет.

Пикир

Оставить комментарий