• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстанда Курман айтта коронавируска байланыштуу жапырт намаз окулбайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. Тажикстанда Курман айт майрамы 31-июлда белгиленет. Бирок коронавируска байланыштуу жапырт намаз окулбайт.

Бул тууралуу 22-июлда өлкөнүн Дин, улуттук салт-санааларды жөнгө салуу комитетинин башчысы Сулаймон Давлатзода билдирди.

Комитет мусулмандарды майрам күнү мурдагыдай, үймө-үй кыдырып айттоону токтотууга чакырды.

Тажикстан Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө коронавирус илдетине кабылгандардын жалпы саны 7015 кишиге жетип, 58 киши өлдү.

Пикир

Оставить комментарий