• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстанда жер титиреди

Дүйнө 0

Бишкек, 23.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 23-февралда саат 06:37де Тажикстандын аймагында очогунда күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тажикстандагы жердин силкинүүсү Ош облусунун Алай районундагы Бор-Дөбө айылында 4,5 балл, Нура жана Эркештам айылдарында 4 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча, Кыргызстанда жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий