• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тажикстандын агрессиясы. 19 миңдей жаран эвакуацияланды

Кырсык 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Кызыл жарым ай коомунун Баткендеги өкүлчүлүгү тарабынан чек арага жакын жайгашкан аймактардан 19 миңдей жаран эвакуацияланды. Бул тууралуу аталган уюмдун аймактык өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Боз-Адыр айылына 2 миң 58, Сүлүктү шаарына 2 миң 740, Кадамжай шаарына 9 миң 870, Газ, Согмет, Чарбак, Кыштут жана Таян айылдарына 3 миң 334 адам эвакуацияланган.

"Учурда убактылуу жайгаштыруу пункттарына эвакуацияланган жарандарга биринчи психологиялык колдоо көрсөтүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий