• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусунда сууга чөккөн 3 адам изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 10.07.23. /Кабар/. Чүй облусунда сууга чөккөн 3 адам изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка 4-июлда Чүй районунун Жаңы-Турмуш айылында Чоң Чүй каналына 20 жаштагы К.М. аттуу жигит түшүп кеткен. 9-июлда жерине издөө ишин улантууга 11 куткаруучу тартылган. Натыйжа болгон жок.

Ошондой эле 6-июлда Чүй районунун Садовое айылында Чоң Чүй каналына 66 жаштагы М.Т. аттуу эркек түшүп кеткен. 9-июль күнү жерине издөө ишин улантууга 2 куткаруучу тартылган. Натыйжа болгон жок.

Мындан сырткары, 6-июлда Аламүдүн районунун Октябрь айылында Ат-Башы каналына 29 жаштагы Т.Д. аттуу эркек киши сууга түшүп кеткен. Издөө иштерин жүргүзүүгө жерине 7 куткаруучу тартылган. Натыйжа болгон жок.

ӨКМден белгилешкендей, үч адамды тең издөө иштери бүгүн, 10-июлда улантылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий