• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Кырсык 0

Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 4-мартта саат 13:54тө Кытайдын аймагында очогунда күчү 5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөөнүн очогу Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылынан 35 чакырым түштүк-чыгышта, Кумтөр кенинен 85 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол шаарынан 138 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Жер силкинүүсү Бедел айылында 3,5 балл, Кумтөр кенинин аймагында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий