• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сокулукта жол кырсыгынын кесепетинен жылкы унаанын ичине кирип кеткен

Кырсык 0


Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Сокулук районунун Кашка-Баш айылында жеңил унаа жылкыны сүзүп кеткен. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тараган.

Кырсыктын кесепетинен жылкы унаанын алдыңкы терезесин жана үстүн сындырып ичине кирип кеткен.

“Кабар” агенттигине Чүй облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы билдиргендей, жол кырсыгы боюнча чакыруу түшкөн, бирок инспекторлор жерине барганда унаа жок болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу кырсык болгон жерден өзү кетип калган. Жылкы өлүп калган.

Пикир

Оставить комментарий