• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто газ баллон жарылып, бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 10.07.23. /Кабар/. Ошто газ баллон жарылып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык Ош шаарынын Ноокат көчөсүндө унаа тетиктерин саткан "Алай" базарынын аймагында жайгашкан ашканада орун алган.

Ашканада газ баллону жарылып, кырсыктын кесепетинен 36 жаштагы Ш.Н аттуу эркек киши каза болгон.

Жерине 4 куткаруучу жана штаб тартылып, маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий