• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жайыл районунда турак үй өрттөнүп, бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 11.08.21. /Кабар/. Жайыл районунда турак үй өрттөнүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Жайыл районундагы Степной айылында жалпы аянты 35 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Күйгөн үйдүн ичинен 1978-жылы туулган Л.В. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий