• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токмокто көп кабаттуу имараттан секирүүгө аракеттенген делгендер жөн гана сүрөткө түшүп жаткан — милиция

Кырсык 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. Токмок шаарында жайгашкан тогуз кабаттуу курулуп бүтпөй турган имараттан эки эркек киши секирүүгө аракет кылган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 14-декабрь күнү Токмок ШИИБнин нөөмөт бөлүмүнө 112 кызматынан Токмок шаарындагы курулушу бүтө элек тогуз кабат үйдө эки эркек киши жүргөндүгү тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган маалымат Токмок ШИИБнин маалыматтарды каттоо китебине катталып, текшерүү иши жүрүп баштаган.

Айтылган дарекке дароо Токмок ШИИБнин ыкчам тергөө тобу чыгып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Имаратка чыккандардын өздүктөрү аныкталып, алар 24 жаштагы К.С. жана А.А. аттуу жарандар болгон.

Териштирүү учурунда алар 14-декабрь күнү болжол менен саат 17:00 чамаларында Токмок шаарындагы бүтө элек тогуз кабаттуу үйдүн үстүндө сүрөткө түшүү максатында чыгышканын билдиришкен. Кийин кызматкерлердин ал жерге келип жатышканын көрүп, түшүшкөнүн айтышкан. Жогорудагы жарандар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Белгилеп кетүүчү жагдай, ар дайым милиция кызматкерлери тарабынан ар түрдүү кырсыктарды алдын алуу максатында курулушу бүтө элек жана кароосуз калган имараттарда текшерүү жана алдын ала иштери жүргүзүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий