• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Арабаев атындагы университет Түштүк Кореядагы Шинхан ЖОЖу менен кызматташат

Билим 0

Бишкек. 10.07.23. /Кабар/. Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Түштүк Кореядагы Шинхан жогорку окуу жайы менен кызматташат. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Арабаев атындагы КМУда Шинхан университетинин делегациясы менен жолугушуу өтүп, анын жыйындыгында кызматташуу боюнча келишимге кол коюлган.

8-июль күнү Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Түштүк Кореядагы Шинхан университетинин делегациясы келди. Шинхан университеттин делегациясын жогорку окуу жайдын президенти Кан Сунжонг жетектейт.

Делегациянын курамы: “Логос” ыктыярчылар тобунун жетекчисинин орун басары Ли Хана, эл аралык иштер факультетинин деканынын орун басары Ли Дэсунг, CIS кооперациялык борборунун директору Им Хэвон, катчы Чон Инкё, котормочу Бибигуль Балтабаева.

Эл аралык алакаларды бекемдөө максатында болуп жаткан бул жолугушуу учурунда И.Арабаев атындагы КМУнун Илимий китепканасында өнөктөштөр үчүн корей тилинде жазылган эмгектердин көргөзмөсү уюштурулду.

Ошондой эле, Дүйнөлүк тилдер жана Эл аралык байланыштар институтунун Корей тили бөлүмү менен тааныштыруу болду. Андан кийин, корей тилинде билим алып жаткан биздин студенттер концерттик номерлерди тартуулашты.

Пикир

Оставить комментарий