• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жубайлар эки баласы менен каза болду: Ысык-Көлдөгү үрөй учурган жол кырсыгы

Кырсык 0

Бишкек, 05.04.19. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда 5-апрелде жол кырсыгы катталып, жубайлар эки баласы менен каза болду Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн түнкү саат 00:30да Ысык-Көл райондук милиция бөлүмүнө Бактуу-Долоноту айылынын жанында эки унаа кагылышкандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине жөнөгөн ыкчам-тергөө топ Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунун 84-чакырымында “Фольксваген-Гольф-3” үлгүсүндөгү унааны Чүй облусунун тургунун 42 жаштагы айдоочу чыгыштан батышты көздөй жүрүп бара жатып, карама каршы багытта келе жаткан 56 жаштагы Түп районунун Д.Ш. аттуу тургуну башкарып келе жаткан “Тойота-Ист” унаасы менен кагылышкандыгын аныктаган.

Кагылышуунун жыйынтыгында, “Фольксваген-Гольф-3” унаасынын айдоочусу, унаанын ичиндеги 41 жаштагы жубайы жана 3 жана 5 жаштагы эки баласы көз жумган. Калган жүргүнчүлөр 37 жаштагы К.М. жана айдоочунун кызы 6 жаштагы М.Н. ар түрдүү жаракаттар менен райондук ооруканага жеткирилген. Ошондой эле “Тойота-Ист” унаасынын жүргүнчүсү да ооруканага жиберилген.

“Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү ресстринде катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш башталган. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий