• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ө.Текебаев жана УӨ мүчөлөрү 2010-жылы 7-апрелден кийинки пайда болгон кирешелери тууралуу маалымат берүүгө тийиш – А.Атамбаев

Президент 0


Бишкек, 5-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 5-апрелде өлкөнүн Башкы прокурору Индира Жолдубаеваны кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысы 2003-жылы январда Атамбаев А.Ш. Измир шаарындагы өнөр жай ишканасындагы өзүнө таандык акциялар пакетин түркиялык ишкерге ошо кездеги 45 млрд түрк лирасына, же ал кездеги курс менен 35 млн долларга сатканын күбөлгөн документтерди Башкы прокурорго берди. Ал келишим тууралуу маалымат Түркия Республикасынын тийиштүү маалымат бюллетенинде 2003-жылы 31-январда жарыяланган.

Ошентип, бул материалдар Атамбаевдердин үй-бүлөсүнүн акчалары 2010-жылдан кийин гана пайда болгон деген Ө.Ч. Текебаевдин сөздөрү жалаа экенин документтер менен ырастайт.

«Бирок өз киреше булактарын бир гана Атамбаев далилдеши керекпи? – деп суроо салды Президент. – Ө.Ч. Текебаев, ошондой эле анын бир катар партиялаштары жана Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү дагы өздөрүндө жана өздөрүнүн жакын туугандарында 2010-жылы 7-апрелден кийин пайда болгон көп миллиондуу кирешелери тууралуу маалыматтарды берүүгө тийиш. Муну Президент менен жолугушууларда 2010-жылы 7-апрелде Ала-Тоо аянтында курман болгондордун ата-энелери менен балдары, ошол кезде оор жаракат алган жарандар талап кылып жатышат. Муну өлкө коомчулугу талап кылып жатат! Башкы прокуратура Жазык кодексинин мыйзамсыз баюу тууралуу тийиштүү беренелерин эске алууга тийиш», - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий