• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тез татым жайындагы жарылуу: Мамэкотехинспекция мораторийге байланыштуу текшерүү жүргүзгөн эмес

Коом 0

Бишкек, 11.11.19. /Кабар/. Мамэкотехинспекция мораторийге байланыштуу "Антошка" тез татым жайында текшерүү жүргүзгөн эмес. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, алар 2019-жылдын 27-февралында Бузуулар тууралуу кодекстин 293-беренесине ылайык "Антошка" тез татым жайына айыппул салышкан. Анда алар айыппулду толук төлөшүп, бул эреже бузуу Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган.

Бирок ишкер субъекттерин текшерүүгө тыюу салган мораторийге ылайык кошумча текшерүү жүргүзүлгөн эмес.

Бирок, базар, кафе, ресторан ж.б. жайларда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, учурда да ал иштер жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, жума, 8-ноябрь күнү Чүй менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги "Антошка" тез тамактануу жайы өрттөнгөн. Анын айынан 1 адам – тез татым жайында иштеген кызматкер кыз каза болуп, 13 адам кырсыктаган. Алардын арасында 7 бала бар.

Пикир

Оставить комментарий