• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тез жана иштиктүү: Өлкөдө ыкчам IT штаб түзүлдү

COVID - 19 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети өлкөнүн IT коомчулугу менен биргеликте коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабдын ишин колдоп, ыкчам IT штаб түзүүнү демилгеледи. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ыкчам IT штаб өлкөдөгү кырдаалдын жакшырышына өбөлгө түзгөн тез жана иштиктүү ар кандай IT чечимдерди жаратууда КР өкмөтүнө колдон келишинче жардамын берет. Ошондой эле социалдык демилгелерди көтөргөн жеке түзүмдөр менен уюмдарга дагы көмөктөшөт.

Пикир

Оставить комментарий