• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тез жардам ооруканасы ачылса бейтаптарды шаарды кыдырып ташыбайт элек — Шаяхметов

Ден соолук 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Шаардык тез жардам ооруканасынын ачылышы өзгөчө калк үчүн чоң жылыш болот. Бул тууралуу Бишкектеги тез медициналык жардам борборунун директору Искендер Шаяхметов билдирди.

Анын айтымында, мындай ооруканалар бардык постсоветтик өлкөлөрдө ийгиликтүү иштеп жатат. Ал эми Бишкекте бейтаптарды күнү-түнү тез жардам кызматы менен кабыл ала турган адистештирилген мекемеге көптөн бери муктаж болуп келген.

“Мен бул маселени көп убакыт мурун Талантбек Батыралиев министр болуп турганда көтөргөм. Бул көйгөй коронавирустун пандемиясынан улам күчөдү. COVID-19 жана хирургиялык патологиясы бар бейтаптарды Улуттук хирургия борборуна жеткирип жаттык. COVID-19 жана жүрөк оорулары барларды кардиологияга. Тез жардам ооруканасынын ачылышы менен биз оорулууларды шаар аралап айдабай, адистештирилген ооруканага алып келип, өз убагында толук медициналык жардам алып турабыз. Биринчи кезекте нейрохирургдар жана абдоминалдык хирургдар болот. Дагы бир жолу баса белгилеп кетким келет, коронавирустук пандемия учурунда бизге ушундай мекеме керек”, - деди Шаяхметов Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына айландыруу боюнча.

Пикир

Оставить комментарий